02.07.2019 14:28

«Балага сүйүнчү» алуунун жол-жобосу жеңилдетилди

«Балага сүйүнчү» алуунун жол-жобосу жеңилдетилди

Ымыркай төрөлгөндө бир жолу берилүүчү «балага сүйүнчүнү» алуунун жол-жобосу 1-июлдан тарта жеңилдетилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эми документтердин бардыгы, тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Борбордук казыначылык жана банктар ортосундагы маалымат алмашуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Балага сүйүнчү алам дегендер эми банкка жеке эсеп ачуу үчүн кайрылбайт. Анткени банктар бул төлөмдөрдү аткаруу үчүн транзиттик банктык эсептерди ачат. Эми «балага сүйүнчүнү» банктын каалаган филиалынан, арыз жазган аймагына карабастан ала алат.

Арыз жазган кишиге банктагы эсепке акча түшкөнү боюнча смс билдирүү келет.

«Жаңы механизм бирдиктүү терезе принциби аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууну камсыздайт. Ошону менен катар убакытты үнөмдөп, арыз жазгандан тарта акча алганга чейинки учурду бир топ кыскартат. Эми «балага сүйүнчү» эки жумушчу күндүн ичинде жарандын эсебине которулат», — деп айтылат маалыматта.

Балалуу болгон үй-бүлө арызды Жарандык никени каттоо бөлүмдөрүнө (ЗАГС) же Калкты тейлөө борборуна жазса болот.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тарта «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамдын «Балага сүйүнчү» пункту ишке кирген. Ага ылайык, январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилип баштаган.